Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:40

Иранда шайлоо өтүп жатат


Ирандык шайлоочулар, 22-февраль, 2016-жыл
Ирандык шайлоочулар, 22-февраль, 2016-жыл

Өлкөнүн Жогорку лидери аятолла Али Хаменеи ирандыктарды шайлоого жигердүү катышууга чакырды. “Мен ирандыктарды добушун эртерээк берүүгө чакырам. Алар өз талапкерлерин кыраакылык менен тандашы керек. Шайлоого элдин көп келиши Ирандын душмандарын капалантат”,- деди Жогорку лидер бүгүнкү добуш берүү учурунда.

Иранда өлкө парламенти - Межлистин депутаттары жана жалаң диниятчылардан турган мамлекеттик институт - Эксперттер ассамблеясынын мүчөлөрү шайланууда.

Шайлоо расмий Тегеран дүйнөнүн ири державалары менен талаштуу өзөктүк программа боюнча тарыхый деп аталган макулдашууга жана эл аралык санкциялардын жоюлушуна жетишип, Иран дүйнөлүк соодага кайра кошулгандан кийин өтүп жатат.

Андыктан бүгүнкү добуш берүү ошол макулдашуу жана азыркы президент Хасан Роуханинин саясий болочогу үчүн референдум катары да каралууда.

Роухани добуш бергенден кийин андагы маалыматтар боюнча эл шайлоого активдүү катышып жатканын белгиледи.

Шайлоодо бир тараптан эскичилдер жана катаал турумду кармангандар менен экинчи жактан президент Роухани өкүлү болгон байистүүлөр, демократиялык өзгөрүүлөрдү каалаган реформачылар ортосунда атаандаштык жүрүүдө.

Азыркы шайлоону утурлай реформачылар менен байистүүлөр “Реформачылардын жана өкмөттү колдогондордун альянсы” деген бир блокко биригишкен.

Иранда добуш берүүгө укуктуулардын саны 55 миллион, алар үчүн 53 миңден ашуун шайлоо бекети ачылды. (UE)

XS
SM
MD
LG