Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:45

Бишкекте куруучунун өлүмүн иликтөө боюнча комиссия түзүлдү


25-февраль күнү 32 жаштагы Талантбек Кенжекулов Сыдыков көчөсү менен Жаш Гвардия бульварынын кесилишинде жүрүп жаткан курулуштун 8-кабатынан кулап кетип, набыт болгон. Анын өлүмү боюнча милиция соттук-медициналык экспертиза дайындап, иликтөө жүргүзүүдө.

Бул тууралуу Бишкек шаардык ИИБнан маалымдашты.

Ал эми экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция куруучунун өлүмүн иликтөө боюнча атайын комиссия түзүлгөнүн кабарлоодо.

Курулуш объекти «ЮНСА Иншаат ЛТД» ишканасына таандык.

Куруучулардын объекттен кулап кетип, набыт болгон учурлары буга чейин да катталган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG