Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:30

Сариев: Энергетикадагы 1% жоготуу 150 миллион сомго барабар


Бул тууралуу өкмөт башчы Темир Сариев 26-февралда энергетика тармагындагы жетекчилер менен өткөргөн жыйында билдирди. Премьер-министр өткөн жылы бөлүштүрүүчү компаниялардын алдына электр энергиясындагы жоготуулардын санын 14 пайызга чейин кыскартуу, дебитордук карыздарды азайтуу тапшырмасы коюлганын, бирок бул тапшырманы бир да компания толугу менен аткарбаганын белгилеп, бул компаниялар боюнча тийиштүү чечимдер кабыл алынарын айтты:

-Дебитордук карызды 50% кыскартасыңар. Чогултууну 100% камсыз кыласыңар. Бул багытта биз быйыл сапаттуу иштешибиз керек, башка жолубуз жок. 1% жоготуу 150 миллион сом, муну жакшы билесиңер.

Премьер-министр Темир Сариев энергетика тармагындагы мамлекеттик ишканалар, электр энергиясын бөлүштүрүүчү компаниялардын жетекчилери менен жыйын өткөрдү. Премьер-министр аймактарда “акылдуу эсептегичтерди” орнотуу, сатып алууларды ачык-айкын жүргүзүү жаатындагы иштерде кемчиликтер бар экенин айтып, айрым жетекчилердин кызмат ордунда калтыруу-калтырбоо жагын карап чыгууну “Энергохолдингдин” жетекчиси Айбек Калиевге тапшырды.

Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан "Азаттыкка" кабарлашты.(ZKo)

XS
SM
MD
LG