Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:51

Аксыда эшек терисин саткандар камакка алынды


Райондун 20-25 жаштагы үч тургуну эшек уурдоого шектүү катары камакка алынып, экөө соттун чечими менен үй камагына бошотулду.

Бул тууралуу облустук милициядан "Азаттыкка" билдиришти. Маалыматка ылайык, февраль айында район аймагында 25 баш эшектин жоголушу боюнча органдарга жашоочулардан ондон ашык арыз келип түшкөн. Иликтөө иштеринин натыйжасында жандыктарды уурдап, алардын терисин пулдап жүргөн жарандар кармалган.

Алар колмо-кол өткөрүшүп, бир эшектин терисин 2000 сомдон Бишкекке алып барып сатып жүрүшкөн. Бул багытта азыр териштирүү иштери уланууда. Уурулуктун айынан тургундарга 110 миң сомдук зыян келтирилгендиги аныкталган. (RsK)

XS
SM
MD
LG