Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:07

"Хизб ут-Тахрир" деп шектелгендердин үйүнөн далил буюмдар табылды


Сузак районунда ИИМдин 10-башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн тинтүү иштеринин натыйжасында үч үйдөн 4төрт даана китеп, дептерлер, DVD дисктер жана ар кыл жазуулары бар баракчалар далил буюм катары табылды. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы “Азаттыкка” билдирди. Алынган далил буюмдарга соттук-теологиялык экспертиза дайындалып, тийиштүү тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Облус аймагында 500дөн ашык жаран “Хизб ут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун активдүү мүчөлөрү катары милициянын каттоосунда турат. Алардын басымдуусу Сузак районунун тургундары. Өткөн жылы үч жаран бул уюмдан чыккандыгын эл алдында расмий жарыялаган. (RsK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG