Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:18

Путин: бир жылда 400дөн ашуун чет элдик тыңчынын иши токтотулду


Путин ФСБнын коллегиясында сүйлөөдө. 26-февраль, 2016-жыл.

Путин ФСБнын коллегиясында сүйлөөдө. 26-февраль, 2016-жыл.

Орус президенти Владимир Путин бул тууралуу бүгүн Федералдык коопсуздук кызматы – ФСБнын жылдык коллегиясында билдирди.

Путиндин ырастоосунда, 2015-жыл ичи Орусияда чет элдик чалгын мекемелердин “400дөн ашуун кадрдык кызматкерлеринин жана агенттеринин” ишмердиги токтотулду.

Алардын 23ү кылмыш жоопкерчилигине тартылды.

“Чет өлкөлүк атайын кызматтар Орусиядагы активдүүлүгүн күчөтүүдө, өткөн жыл биздин тыянактарды ишенимдүү ырастады”,- деди Путин ФСБнын коллегиясында сүйлөп жатып.

Орус президенти ошондой эле Орусиянын "четтеги душмандары" быйыл күздөгү парламенттик шайлоого кийлигишүүгө камынып жатканын да эскертип өттү.

Путин 1999-жылы алгач премьер-министр, андан кийин президент болгонго чейин ФСБны өзү да башкарган.

Баяндамачылар Батыш өлкөлөрү Украинадагы аракеттеринен улам Орусияга экономикалык санкцияларды киргизгенден бери, Москва Батышка каршы риторикасын көбөйткөнүнө көңүл бурушат. (UE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG