Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:56

Косоводо жаңы президент шайланууда


Президент шайлоосуна тушташ Приштинада оппозиция жана өкмөт жактоочулары кагылышып да кетти. 26-февраль, 2016-жыл.

Президент шайлоосуна тушташ Приштинада оппозиция жана өкмөт жактоочулары кагылышып да кетти. 26-февраль, 2016-жыл.

Парламент бүгүнкү добуш берүү аркылуу президенттикке Косовонун азыркы тышкы иштер министри Хашим Тачини шайлайт деп күтүүдө.

1998-1999-жылдары Сербиядан бөлүнүү үчүн согушта косоволук партизандардын башында тургандардын бири Хашим Тачи өзү да 120 орундуу парламенттен жетиштүү добуш алам деген ишенимде турат.

Президентти шайлоо Косоводогу саясий абал чыңалган учурга туш келүүдө.

Оппозициянын борбору Приштинанын башкы аянтында, чатырларда отурган жүздөгөн жактоочулары өкмөттүн кетишин жана жаңы парламенттик шайлоо өтүшүн талап кылууда.

Косово менен Сербия ортосунда былтыр жетишилген жана этникалык сербдердин бийлик укуктарын кеңейткен келишимге каршы чыккан оппозиция былтыр сентябрдан бери парламенттин ишин көздөн жаш агызуучу газ атуу жана башка аргалар менен бир нече ирет үзгүлтүккө учуратты. Оппозиция Черногория менен түзүлгөн чек ара келишимине да макул болбой жатат.

Конституцияга ылайык Косово парламенти жаңы президентти 6-мартка чейин шайлашы керек. Азыркы президент Атифете Яхьяганын кызмат мөөнөтү 7-апрелде бүтөт. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG