Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:20

ФИФА президентин шайлоо экинчи айлампага кирди


Шайлоонун экинчи айлампасына чыккандардын бири Салман бин Ибрагим ал-Халифа.
Шайлоонун экинчи айлампасына чыккандардын бири Салман бин Ибрагим ал-Халифа.

Цюрихтеги бүгүнкү добуш берүүнүн биринчи айлампасынын жыйынтыгында УЕФАнын башкы катчысы Жанни Инфантино 88,Азия футбол конфедерациясынын президенти, Бахрейндин падышалык үй-бүлөсүнүн мүчөсү, шейх Салман бин Ибрагим ал-Халифа 85, ФИФАнын вице-президенти, иордан ханзаадасы Али бин ал-Хусейн 27, жана мурда ФИФАнын жетекчилигинде иштеген Жером Шампань жети добуш алды.

Бүгүнкү шайлоо конгресстин башталышында ФИФАнын делегаттары 89% добуш менен дүйнөлүк футбол уюмун реформалоо боюнча айрым чараларды жактырды.

Ал чаралар ФИФАнын эң жогорку жетекчилери үчүн кызмат мөөнөтүн киргизүү, алардын кирешелерин ачыктоону да камтыйт.

ФИФАнын жаңы президенти бул абройлуу кызматтан коррупциялык жаңжаалдан улам мөөнөтүнөн мурда кетүүгө мажбур болгон Зеп Блаттерди алмаштырат. (UE)

XS
SM
MD
LG