УЕФАнын баш катчысы, 45 жаштагы Жанни Инфантино (Gianni Infantino) 26-февралда өткөн шайлоонун экинчи айлампасында 115 добуш менен алдыга чыкты.
Анын негизги атаандашы, Азия футбол конфедерациясынын президенти, Бахрейндин падышалык үй-бүлөсүнүн мүчөсү, шейх Салман бин Ибрагим ал-Халифа 88, ал эми ФИФАнын вице-президенти, иордан ханзаадасы Али бин ал-Хусейн 4 добуш алды.
ФИФАнын жаңы президенти Швейцариядан чыккан футбол менеджери, теги боюнча италиялык. Европанын футбол ассоциациясы – УЕФАнын баш катчылык кызматын 2009-жылдан бери аркалап келген. Эми ФИФАнын президентти болуп 2019-жылга чейин турат.
Жума күнкү шайлоо конгресстин башталышында ФИФАнын делегаттары дүйнөлүк футбол уюмун реформалоо боюнча айрым чараларды жактырды.
Андай чаралар ФИФАнын жогорку жетекчилери үчүн кызмат мөөнөтүн киргизүү, алардын кирешелерин ачыктоону да камтыйт.
ФИФАнын мурдагы президенти Зеп Блаттер бул абройлуу кызматтан былтыр кайра шайланганына карабай коррупциялык жаңжалдан улам кетүүгө мажбур болгон. (UE)