Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:03

Парламенттеги бүгүнкү добуш берүүдө тышкы иштер министри Хашим Тачинин талапкерлигин 81 депутаттын 71и колдоду.120 орундуу парламенттеги оппозициячыл депутаттар шайлоону бойкоттошту.

Тышкы иштер министрине чейин премьер-министр кызматын да аркалаган Хашим Тачи -1998-1999-жылдары Сербиядан бөлүнүү үчүн согушта косоволук партизандардын башында тургандардын бири.

Президентти шайлоо Косоводогу саясий абал чыңалган учурга туш келди.

Оппозициянын борбор Приштинанын башкы аянтында, чатырларда отурган жүздөгөн жактоочуларын таратуу үчүн полиция жума күнү суу бүркүгүчтөрдү колдонду.

Алар өкмөттүн кетишин жана жаңы парламенттик шайлоо өтүшүн талап кылышкан.

Косово менен Сербия ортосунда былтыр жетишилген жана этникалык сербдердин бийлик укуктарын кеңейткен келишимге каршы чыккан оппозиция былтыр сентябрдан бери парламенттин ишин көздөн жаш агызуучу газ атуу жана башка аргалар менен бир нече ирет үзгүлтүккө учуратты. Оппозиция Черногория менен түзүлгөн чек ара келишимине да макул болбой жатат.

Конституцияга ылайык Косово парламенти жаңы президентти 6-мартка чейин шайлашы керек эле. Азыркы президент Атифете Яхьяганын кызмат мөөнөтү 7-апрелде бүтөт. Косово Сербиянын каршылыгына карабай көз карандысыздыгын 2008-жылы жарыялаган. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG