Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:11

Бүгүн түнкү 12ден тарта Сирияда эки жумалык ок атууну токтотуу келишими күчүнө кирди. Сириядагы адам укуктарына байкоо салган кеңеш элдешүү келишимин дээрлик бардык тараптар аткарып жатканын, бирок түн ортосунда Дамаск районунда жана Дераа шаарында майда атышуулар катталганын кабарлады.

БУУнун Сирия боюнча атайын чабарманы Стеффан де Мистура элдешүү келишимин бузууга аракеттер болушу ыктымал деген кооптонуу билдирген.

Ок атышууну токтотуу келишими АКШ жана Орусиянын ортомчулугу астында 22-февралда жетишилген. Мурдараак эгер ок атышууну токтотуу боюнча макулдашуу ишке ашпай калса, Кошмо Штаттарда “Б” планы бар экенин мамлекеттик катчы Жон Керри айткан эле. Макулдашуунун шарттары "Жебхат ал-Нусра" жана "Ислам мамлекети" деп аталган террордук уюмдарга тарабайт. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG