Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:16

Абактан качкан жаран табыла элек


Каракчылык, талап-тоноо беренелери боюнча айыпталып, Бишкектеги №1 СИЗОдо кармалып турган Азатбек Алымкулов табыла элек. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жаза аткаруу кызматынын маалымат катчысы Элеонора Сабатарова билдирди. Маалыматка караганда, айыпталуучуну тергөө иштерине байланыштуу Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун милициясы 26-февралда күндүзгү саат 11де алып кеткен.

- Айыпталуучу СИЗОдон качкан жок. Аны алып кеткен милиция кызматкерлери кечки саат 10:30дарда жоготуп алдык деп бизге кабарлап жатышат. Азыр табыла элек, издөө иштери жүрүүдө.

Маалыматка караганда, Алымкулов 1989-жылы туулган, Нарын облусунун тургуну. Буга чейин да бир нече жолу соттолгон. Ал өткөн жылы май айында Аламүдүндөгү “Бишкек Петролиум” май куюучу жайын тоноого шектелип кармалган. Ички иштер министрлиги анын кайда жашырынып жатканын аныктоо үчүн “Сирена” планын киргизди. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG