Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:16

Орусияда Немцовду эскерүү акциясы өтөт


Москвада Борис Немцов ок жеп каза тапкан жерге маал-маалы менен гүлчамбар коюлуп турат. 29-декабрь, 2015-жыл.
Москвада Борис Немцов ок жеп каза тапкан жерге маал-маалы менен гүлчамбар коюлуп турат. 29-декабрь, 2015-жыл.

Бүгүн Орусиянын бир катар шаарларында оппозиция лидери, Кремлдин сынчысы Борис Немцовдун өлтүрүлгөнүнүн бир жылдыгына карата эскерүү акциясы өтөт. Москвада жөө жүрүш уюштурулуп, ал саясатчы өлтүрүлгөн көпүрөдө жыйынтыкталат. Буга байланыштуу уюштуруучулар Фейсбукта атайын баракча ачышты.

Кечээ, 26-февралда ПАРНАС партиясынын мүчөсү Алексей Табалов уюштуруучулардын бири, Демократиялык коалициянын мүчөсү Вячеслав Кисилицин Челябинск шаарында сабалганын кабарлаган.

Биринчи президент Борис Ельциндин тушунда өкмөттүн вице-премьери кызматын аркалаган Борис Немцов былтыр 27-февраль түнү Кремлдин жанынан атып өлтүрүлгөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG