Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:58

Жалал-Абад: өспүрүм кызды зордуктагандар кармалды


Облустук милициянын маалыматына караганда, Ноокенде 15 жаштагы кызды зордуктаган 21-22 жаштагы эки жаран кармалды.

Алар 17-февралдын кечинде жолдо такси күтүп турган кызды өз унаасына салып барып, ээн талаада зордуктаган деп шектелүүдө. Маалыматка караганда, шектүүлөр өздөрүн милиция кызматкерибиз деп тааныштырып, кызды болгон окуя тууралуу эч кимге ооз ачпа деп коркутушкан. Кыздын ата-энеси милицияга арыз менен кайрылып, натыйжада кылмышка тиешеси барлар кармалып, алардын милицияда иштебегени аныкталды. Учурда бул багытта кылмыш иши ачылып, тергөө жүрүүдө. (RsK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG