Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:26

Аба ырайы: күн ысыйт


Баткен
Баткен

2016-жылдын 27-февралынан 29-февралына чейин абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош (121-137, 198-265 чакырымдары), Ала-Бука-Каныш-Кыя (62-100 чакырымдары) жана Красная-Горка-Ак-Таш (1-4 чакырымдары) авто унаа жолдорунда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү сакталат, жолдордун айрым жерлеринде тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

28-февралда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы 1-6 м/с.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 3…8 градус жылуу, күндүзү 20…25 градус ысык болот.

Талас облусунда түнкүсүн 0…5, күндүзү 19…24 градус ысыйт.

Баткенде түнкүсүн 1...6, күндүз 18...23,

Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 3…8, күндүзү 21…26 градус ысык болот.

Ысык-Көлдө түнкүсүн 0...-5, күндүзү 6...11 градус жылыйт.

Нарында түнкүсүн -9…-14 градус суук, ал эми күндүзү 2…7 градус жылуу.

Суусамыр өрөөнүндө абанын температурасы түнкүсүн -17…-22 градуска чейин төмөндөп, күндүзү 0…-5 градус суук болот. Тоолордо түнкүсүн -15…-20 градус суук, күндүзү -2…+3 градуска чейин жылыйт.

28-февралда Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы 1-6 м/с. Абанын температурасы түнкүсүн 6…8 градус жылуу, күндүзү 22…24 градус жылуу болот. (КЕ)

XS
SM
MD
LG