Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:43

“Открытая Россиянын” өкүлдөрү бошотулду


Борис Немцовду эскерүү
Борис Немцовду эскерүү

Полиция “Открытая Россия” фондунун беш өкүлүн коё берди. Фонддун өкүлдөрү Полина Нмировская, Руслан Гафаров, Артем Минич, Тася Никитенко, Александр Захаров жана айдоочу жума күндөн ишембиге караган түнү киши колдуу болгон саясатчы Борис Немцовду эскерүү акциясына даярдык көрүү үчүн баратканда кармалган.

Алардан мурда издөөдө жүргөн деген негизде машина жана техникалар алынды.

Аталган фондду ЮКОС мунай компаниясынын мурдагы жетекчиси Михаил Ходорковский жетектейт.

Бүгүн Орусиянын бир катар шаарларында оппозиция лидери, Кремлдин сынчысы Борис Немцовдун өлтүрүлгөнүнүн бир жылдыгына карата эскерүү акциясы өтөт. Саясатчы былтыр 28-февралга караган түнү Кремлдин жанынан атып өлтүрүлгөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG