Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:53

Ботаникалык бакты өнүктүрүү боюнча концепция иштелип чыгат


Бүгүн премьер-министр Темир Сариев Бишкектеги Ботаникалык бактын абалы менен таанышып, аны өнүктүрүү боюнча жыйын өткөрдү. Бакчанын абалын начар деп баалаган өкмөт башчы анын ичиндеги объекттерди пайдалануунун мыйзамдуулугун текшерип чыгууну вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиевага тапшырды.

Аталган жайды жашылдандырып, кыска убакытта инфраструктуралык маселелерин чечүү зарылдыгын шаар тургундарына ачык болгондой шарт түзүү зарылдыгын белгиледи. Мындан сырткары бакчаны өнүктүрүү боюнча атайын концепция иштеп чыгуу жана бул боюнча мекемелер аралык жумушчу топ түзүү тапшырмасын берди.

Бир нече күн мурун Гареев атындагы ботаникалык бакты Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин карамагына өткөрүү демилеси көтөрүлгөн. Экологдор болсо буга каршы чыгып, мындан бак илимий максатта колдонуудан калат деп билдиришүүдө. Айрым маалыматтар боюнча учурда Илимдер академиясы бакты каржылоо үчүн эл аралык уюмдар менен сүйлөшүү жүргүзүүдө. Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева өкмөттөн ботаникалык бакты өнүктүрүү үчүн каражат жагын караштырууну өтүнгөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG