Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:42

Бишкек мэри Кунакунов менен тууган экенин ырастады


Максат Кунакунов

Максат Кунакунов

Бишкек шаарынын жаңы мэри болуп шайланган Албек Ибраимов мурдагы депутат Максат Кунакунов менен таяке-жээн экенин ырастады. Бул тууралуу ал бүгүн мэр шайлоодон кийин “Азаттыктын” суроосуна жооп берип жатып билдирди. Мындан сырткары анын эки ысымы бар экенин, жакындары аны Эркин дей турганын айтты.Коррупцияга каршы күрөшүүнүн жолдору, президент Алмазбек Атамбаев менен мамилеси туурасында да суроолорго жооп берди.

“Ак-жол” партиясынан депутат болгон Максат Кунакунов былтыр жайындагы атайын операцияда өлтүрүлгөн куралдуу топ менен байланышы бар, аларга акчалай жана курал-жарактан жардам берип турган деген шек менен 20-июлдун таңында “Манас” аэропортунан кармалган. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG