Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:02

“Чет өлкөлүк агенттер жөнүндө” мыйзам боюнча коомдук угуу өтөт


Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер боюнча комитети 29-февралда “Чет өлкөлүк агенттер жөнүндө” мыйзам боюнча коомдук угуу өткөрөт. Ага депутаттар, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү катышып, мыйзам долбоорун талкуулашат.

Мунун алдында укук коргоочулар парламенттин профилдик комитетине аталган мыйзамды кабыл албоону өтүнүп кайрылышкан. “Кылым шамы” укук коргоо уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулованын белгилешинче, кайрылууда биринчи окууда кабыл алынган мыйзамды четке кагуу өтүнүчү келтирилди.

Четтен каржыланган бейөкмөт уюмдарды "тыңчы" катары таануу боюнча мыйзам Орусияда 2012-жылы кабыл алынган. Байкоочулар Кыргызстанда сунушталып жаткан долбоор анын көчүрмөсү катары Кремлдин таасири менен жазылганын белгилешет. Бир катар эл аралык уюмдар аталган мыйзам өлкөнүн Баш мыйзамына, адам укуктарына каршы келерин айтышат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG