Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:59

Индияда бир адам 14 тууганын жана өзүн өзү өлтүрдү


Индияда 35 жаштагы Хансил Варекал үй-бүлөсүндөгү 14 кишини өлтүрүп, андан кийин өзүн өзү өлтүрдү. Окуя Мумбайдын 30 чакырым түндүк-чыгышындагы Тхане шаарында болгон. Полициянын маалыматына караганда, Варекал өз аймагында таанымал болчу жана жакшы жашаган.

Анын үй-бүлөсү ишемби күнү салтанаттуу майрамга чогулган. Майрам бүтүп баары уктаган маалда үйдүн кожоюну эшикти жаап алгач аялын, сегиз баласын, үч карындашын жана ата-энесин бычактап салган. Андан кийин өзү асынып алган. Бир карындашы аман калып, ал ооруканага жеткирилди. Дарыгерлер абалы оор экенин, катуу шок алганын белгилешүүдө. Окуянын чоо-жайы азырынча белгисиз. Варекал майрамдык иш-чараларды уюштуруу менен алектенчү. (КЕ)

XS
SM
MD
LG