Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:24

Сириядагы адам укуктарына байкоо салган борбордун маалыматына караганда, Алеппо провинциясындагы топтордун бир канча турумдарына абадан сокку урулду. Бир сутка мурда Сирияда ок атышууну эки жума токтотуу боюнча макулдашуу күчүнө кирген. Бул аймактагы козголоңчулар сокку Орусия авиациясы тарабынан болгонун айтышууда. Бирок адам укуктарына байкоо салган борбор кайсы жактын учактары сокку урганы азырынча белгисиз экенин билдирди. Орусия Сириядагы террордук топтордун турумдарын бомбалоону улантарын жарыялаган. Калган райондордо элдешүү келишими сакталууда.

Ок атышпоо тууралуу макулдашуунун шарттары "Жебхат ал-Нусра" жана "Ислам мамлекети" деп аталган террордук уюмдарга тарабайт. Ишемби күнү АКШнын аскер аба күчтөрү аталган экстремисттик топтордун турумдарына сокку урган. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG