Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:21

Гемодиализ алгандар Ак үй алдына чыгат


Бөйрөк дартынан улам көп акча төлөп, гемодиализ алууга мажбур болуп жаткан жарандар тобу бүгүн Ак үй алдына чыкканы жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” акциянын уюштуруучусу Ширин Сарыгулова кабарлады. Ал гемодиализди мамлекеттик бюджеттин эсебинен алууга уруксат сурап кайрылганын, бирок кезек тийбей жатканын айтууда:

- Кезек жылбай жатат. Президеттен, депутаттардан бюджетке өткөрүп бергилечи деп суранабыз. Ай сайын 72 миң сом төлөп жатам. Акциябыз саат 9да башталат. Беш балам бар. Эң кичүүлөрүм эгиз, беш жашта.

Өлкө боюнча өтүшүп кеткен бөйрөк оорулуулардын жалпы саны 1,5 миң адам. Алардын 500дөйү бюджеттик негизде гемодиализ аппараты менен камсыздалган. Кезектеги бейтаптарга кан тазалоо мамлекет эсебинен бекер жасалат. (RK)

XS
SM
MD
LG