Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:14

Иран: Парламенттик шайлоодо Роуханинин союздаштары жеңүүдө


Иранда парламенттик шайлоодо президент Хасан Роуханинин союздаштары ийгиликке жетип, Тегеранга округдук тизме менен берилген 30 орундун баарын жеңип алышты. Алар ошондой эле Ирандын кийинки лидерин тандай турган Эксперттер кеңешине да көп добуш ала алды.

26-февралда 290 орундан турган парламентке шайлоо өткөн. Добуштарды саноо аягына чыга элек.

Бул шайлоо бир тараптан эскичилдер менен катаал турумду кармангандар, экинчи жактан байистүүлөр менен реформачылар ортосундагы эле күрөш эмес, өлкөнүн болочок багытын аныктай алуучу окуя катары да сыпатталууда. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG