Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:33

Апрель сотунда видеоматериалдар каралат


2010-жылдын 7-апрелиндеги алааматтан кийин.

2010-жылдын 7-апрелиндеги алааматтан кийин.

Бүгүн Бишкекте 2010-жылдагы Апрель окуясы боюнча сот уланат. Бул тууралуу “Азаттыкка” жабыркаган тараптын адвокаты Осунбек Жамансариев билдирди.

- Видеолор көрсөтүлөт. Аны соттолуучу тарап көрсөтүүдө.

Иш республикалык аскер сотунда каралууда.

2010-жылы 7-апрелде Кыргызстанда бийликтин алмашуусуна алып келген апаат учурунда мурдагы президент Курманбек Бакиевге каршы митингге чыккан 90го жакын адам набыт кеткен. Апрель окуясы боюнча сот ошол эле жылы ноябрда башталган.

2014-жылдын 25-июлунда Бишкек гарнизонунун аскердик соту УКМКнын “Альфа” атайын бөлүгүнүн бардык кызматкерлерин актаган өкүм чыгарган. Ал эми Курманбек Бакиев, анын иниси Жаныш Бакиев, мурдагы премьер-министр Данияр Үсөнов сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылса, дагы бир катар жооптуу кызматкерлер 10 жылдан 25 жылга чейин кесилген.

Бирок эки тарап тең мындай өкүмгө макул болбой жогорку инстанцияга доо арыз жолдогон.

Биринчи инстанциядагы сотто да айыпталуучу тарап интернеттен чогултулган видеоматериалдарды көрсөтүп, өзүнүн күнөөсү жоктугун, кол салууну митингчилер баштаганын далилдөөгө аракет жасаган болчу. (RK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG