Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:03

Бүгүнтөн тарта ипотекалык насыя сом менен гана берилет


Бүгүнтөн тарта Кыргызстандын коммерциялык банктары ипотекалык жана керектөөчүлүк насыяларды сом менен гана бере баштайт. Улуттук банктын насыянын бул түрлөрүн кардарларга доллар же башка валюта менен берүүгө тыюу салган эрежеси кечээтен баштап күчүнө кирди.

АКШ долларынын кескин кымбаттап кетиши соңку кезде кыргыз өкмөтүн улуттук валютаны коргоо боюнча чара көрүүсүн шарттады.

Бирок айрым серепчилер мындай кадам ипотекалык насыя көлөмүн кескин азайтат деп кооптонууда. (RK)

XS
SM
MD
LG