Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:06

Ушул тапта Лос-Анжелесте ондогон наамдар боюнча Америка киноакадемиясынын “Оскар” сыйлыгын тапшыруу салтанаты өтүүдө. Анда “Мыкты толук метраждуу даректүү тасма” номинациясы “Эми” фильмине ыйгарылды. Режисер Азифа Кападиа менен продюсер Жеймс Гей-Ристин бул тасмасы британ ырчысы Эми Уайнхаустун жашоосу тууралуу тартылган.

Ырчынын сөөгү Британиядагы үйүнөн табылып, адистер анын спирт ичимдигинен ууланганын айтышкан.

“Мыкты чет элдик тасма” наамы венгер режисеру Ласло Немаштын “Саулдун уулу” фильмине берилди. Ал эми “Аман калган” тасмасы үчүн Алехандро Гонсалес Иньярриту мыкты режисер аталды. “Мыкты ыр” номинациясын "Агент 007: Спектр" тасмада жаңырган Writings on the wall музыкасы үчүн алды. Анын автору Сэм Смит жана Жимми Нейпс. Мыкты композитор Энио Марикони аталды. Ал “Оскар” сыйлыгын “Ыплас сегиздик” тасмасындагы саундтрек үчүн алды.

Кино тармагындагы мыктыларды аныктоо аземи 88-жолу өткөрүлүүдө. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG