Чек ара кызматынын билдиришинче, Кыргызстандан Тажикстанга мыйзамсыз жол менен жер семирткич ташып бараткан жаран кармалды. 27-февралда Кыргызстандын жараны Лейлек районунун Жаштык аймагынан жүк алып өтүүгө аракет кылган. Анын “Mercedes Sprinter” машинасынан 100 миң сомдук 100 кап жер семирткич табылган.
Учурда бул фактыларды иликтеп-тергөө жүрүп жатат. Жүктүн кожоюнуна айып салынды.
Өкмөттүн маалымат кызматынын билдиргенине караганда, быйыл дыйкандарды жер семирткичтер менен камсыз кылуу боюнча Өзбекстан менен сүйлөшүүлөр жүргүзүп, 140 миң тоннага келишим түзүлгөн. (КЕ)