Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:11

Ференчи Беатрис: Кыргызстанда бейөкмөт уюмдардын ишин чектөө тобокелдиги бар


Бул тууралуу бүгүн БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарлыгынын Борбор Азия боюнча өкүлү Ференчи Беатрис Бишкекте “Чет өлкөлүк агенттер жөнүндө” мыйзамды талкуулаган учурда билдирди. Ал мыйзам долбоору аркылуу бейөкмөт уюмдардын эркиндиктери менен укуктарын чектөө аракети болуш ыктымалдыгын айтты. Ференчи Беатрис Юстиция министрлигине отчет бербеген уюмдарга карата кылмыш ишин ачып, 3 жылга чейин жоопкерчиликке тартуу демилгеси кооптуу экенин кошумчалады.

Четтен каржыланган бейөкмөт уюмдарды "тыңчы" катары таануу боюнча мыйзам Орусияда 2012-жылы кабыл алынган. Байкоочулар Кыргызстанда сунушталып жаткан долбоор анын көчүрмөсү катары Кремлдин таасири менен даярдалганын белгилешет. Бир катар эл аралык уюмдар аталган мыйзам өлкөнүн Башмыйзамына, адам укуктарына каршы келерин айтышат.

Эгер мыйзам долбоору кабыл алынып калса, бейөкмөт уюмдар Соцфондго, Салык кызматына төлөмдөрүнөн тышкары, Юстиция министрлигине каржы булактары, жүргүзгөн ишмердиги тууралуу отчет берүүгө милдеттендирилет. (КЕ/AKu)

XS
SM
MD
LG