Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:46

Нарын: Борбор Азия университетинин кампусунда ачык эшиктер күнү өттү


Нарындагы Борбор Азия университетинин жаңы корпусу.
Нарындагы Борбор Азия университетинин жаңы корпусу.

Нарын шаарында салынып жаткан Борбор Азия университети бүгүн ачык эшиктер күнүн уюштурду. Алгач жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен бирге Ага Хан өнүктүрүү түйүнүнүн Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Шамш Кассим-Лакха университет тууралуу айтып берди. Андан соң 200дөн ашуун шаардын тургундары окуу жайдын курулуш иштери, анда кимдер, кантип окуй алары тууралуу маалымат алышты.

Борбор Азия университетинин курулуш иштери 2008-жылы башталган. Алгач университет 4 этаптан турган курулушту пландап, учурда 1-этаптын 70 пайыздан ашыгы бүттү. Курулушка жалпы 85 миллион доллар чыгымдалган.

Борбор Азия университети 2016 - 2017-окуу жылга алгачкы студенттерин кабыл алат. Окуу үчүн бир жылдык төлөм 5000 доллар, ал эми кампуста жатып окуу үчүн дагы 3000 доллар төлөйт. Алгач 70 студентке ылайыкталган окуу жай элдин талабына ылайык 1200 орунга чейин кеңейтилиши мүмкүн. (MiK)

XS
SM
MD
LG