Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:10

Бүгүн Жогорку Кеңештин алдында бөйрөк оорулуулар жана алардын жакындары нааразылык акциясына чыгышты. Алар гемодиализди мамлекеттик бюджеттин эсебинен алууга уруксат сурашууда. Бул тууралуу пикетке чыккандардын бири Ширин Сарыгулова “Азаттыкка” кабарлады. Ак үй алдына чыккандар узак убактан бери кезек күтүп жатышканын айтып, нааразы болушууда.

-Учурда оорулуулар гемодиализди жеке менчик ооруканалардан алып жатышат. Ар бирине 6-7 миңден төлөшөт. Ошону бюджетке өткөрүп бергиле, деп талап кылып атабыз.

Өлкө боюнча өтүшүп кеткен бөйрөк оорулуулардын жалпы саны 1,5 миң адам. Мындай оорулуулар бөйрөк аткаруучу функцияны жасалма жол менен аппарат аркылуу жасатып, айына 12 жолу канын тазалатып турушат.

Бул кызмат кезекке илинген бейтаптарга мамлекеттин эсебинен бекер жасалат. Бирок мамлекеттик эсепке алынганга чейин кан тазалатуу үчүн төлөөгө туура келет. (KЕ)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG