Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:42

Иранда реформачылар Эксперттер ассамблеясында жеңишке жетишти


Жалаң динаятчылардан турган Эксперттер ассамблеясы Иранда сегиз жылда бир шайланат. Ассамблеянын жаңы курамына Ирандын жаңы Улук лидерин тандоо вазипасы туш келип калуусу мүмкүн.

Жалаң динаятчылардан турган Эксперттер ассамблеясы Иранда сегиз жылда бир шайланат. Ассамблеянын жаңы курамына Ирандын жаңы Улук лидерин тандоо вазипасы туш келип калуусу мүмкүн.

26-февралдагы шайлоонун соңку жыйынтыктары президент Хасан Роухани жана анын реформачыл өнөктөштөрү Ирандын Эксперттер ассамблеясы деген мамлекеттик институтундагы орундардын 50сүн же 59% алганын көргөзүүдө.

88 орундан турган Эксперттер ассамблеясы Ирандын тышкы жана ички саясаттын маселелери боюнча эң акыркы сөздү айтуучу Улук лидерин тандоо жана кызматтан бошотуу укугуна ээ.

26-февралдагы добуш берүүнүн натыйжасында Эксперттер ассамблеясына президент Хасан Роухани өзү жана мурдагы президент Али Акбар Хашеми Рафсанжани кайра кире алышты.

Ассамблеянын азыркы төрагасы аятолла Мохаммед Язди кайра шайланбай калды. Бирок, анын катаал турумду карманган бир нече өнөктөшү кайра шайланышты.

Бул жыйынтыктардан улам Ирандын сот бийлигинин башчысы аятолла Садих Амоли Ларижани реформачыларды катаал турумду кармангандар Эксперттер ассамблеясына шайланбашы үчүн “америкалык жана англиялык” маалымат каражаттар менен иштешкени үчүн айыптады.

Өткөн жума күнү Иранда 290 орундуу парламентке да шайлоо өткөн. Анын баштапкы жыйынтыктарына караганда, борбор Тегерандагы 30 орундун баарын реформачылар жеңип алды.

Өлкөнүн калган аймактарында орундар байистүүлөр, катаал турумду кармангандар жана көз карандысыз талапкерлер ортосунда бөлүнчүдөй. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG