Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:55

АКШда казакстандык асыранды балдарды аткан адам өзүн өзү өлтүрдү


Өткөн аптада Вашингтон штатында шейит болгондордун арасында теги жагынан казакстандык эки өспүрүм да бардыгын Казакстандын акыйкатчы институту ырастады.

Учурда Астанадагы бийликтер алар казак жарандыгын сактап калганын же АКШ жарандыгын алышканын аныктоого аракетин көрүшүүдө.

Казак акыйкатчысынын кеңсеси билдиргендей, 16-жаштагы Куин Карлсон менен 18 жаштагы Тори Карлсон Казакстандын АКШдагы элчилигинде консулдук каттоодо турушкан эмес.

Өспүрүмдөрдү жана алардын бакма энеси Лори Карлсонду анын жубайы Дэвид Уэйн Кэмпбелл ысымдуу адам 25-февралда, Вашингтон штатынын Белфейр шаарчасындагы үйүндө атып салган.

Ок ачкан адам эртеси полиция менен тирешүүдө өзүн-өзү атып өлтүргөн. (UE)

XS
SM
MD
LG