Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:28

Москвада баланын кесилген башын көтөрүп жүргөн аял кармалды


Гулчехра Бобокулова полиция кармар алдында. 29-февраль, 2016-жыл.

Гулчехра Бобокулова полиция кармар алдында. 29-февраль, 2016-жыл.

Полиция аялды бүгүн Орусия борборунун “Октябрьское поле” метросунан токтоткон. Кармалган аял өзбекстандык Гульчехра Бобокулова болуп чыкты. Ага соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Кара кийимчен жана мусулман жоолукчан аял полиция кармар алдында баланын кесилген башын көргөзүп, “Аллах акбар” дегендей сөздү угуза айткан.

Москва полициясынын маалыматына караганда, Бобокулова аны бала багуучу катары жалдаган орусиялык үй-бүлөнүн төрт жаштагы баласынын башын көтөрүп бараткан. Башы жок баланын денесин бүгүн өрт өчүргүчтөр Москвада өрт чыккан үйдөн табышкан эле.

Полиция кармаган аял бүгүн социалдык түйүндөр аркылуу тараган видео тасмада: “Мен террорчумун, мен өлөм, бирок баарыңар жаза аласыңар!”-деп кыйкырган. (UE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG