Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:39

Франция Сирия боюнча чукул жыйын курууга чакырды


Француз тышкы иштер министри Жан-Марк Эро бүгүн Женевадан билдиргендей, Сирия боюнча жумушчу топ чукулунан жыйын куруп, ок атышууну токтотуу боюнча макулдашуунун шарттары бузулган учурларды талкуулаш керек:

- Бизде байистүү оппозиция көзөмөлдөгөн аймактарга каршы сокку уруулар, анын ичинде абадан сокку уруулар уланып жатканы боюнча маалыматтар бар. Мунун баары текшерилиш керек. Ушундан улам Франция аскерий аракеттер токтошуна байкоо салуучу жумушчу топ дароо жыйналышын талап кылдык.

АКШ менен Орусия макулдашкан планга ылайык, Сирияда каршылашкан тараптардын ок атышуусу 27-февралдын түнүнөн тарта толук токтош керек болчу.

Ок атышууну токтотуу шарттары “Ислам мамлекети” жана башка террордук уюмдарга каршы операцияларга жайылтылбайт. (UE)

XS
SM
MD
LG