Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:48

Иран: реформачылар парламентте үч саясий күчтүн бири болот


Тегеранда добуштарды саноодон бир көрүнүш. 26-февраль, 2016-жыл.

Тегеранда добуштарды саноодон бир көрүнүш. 26-февраль, 2016-жыл.

Өткөн жума күнкү парламенттик шайлоонун жыйынтыктары өлкөдөгү негизги үч саясий лагерь: реформачылар, көз карандысыздар жана катаал турумду кармангандардын бири да өз алдынча орундардын басымдуу бөлүгүн ала албасын көргөзүүдө. Бирок реформачылар жана Ирандын өзөктүк программасы боюнча дүйнө державалары менен келишимди колдогон байистүү консерваторлор бириксе 290 орундуу парламентте көпчүлүктү түзө алчудай.

Ал эми келишимге каршы чыккандар жана катаал турумду кармангандар 68 гана орун алды. Кызмат мөөнөтү бүтүп жаткан азыркы парламентте алар 100дөн ашуун добушка ээ болчу.

Кабарларга караганда, парламенттеги 50дөн ашуун орундун жаңы ээлерин аныктоо шайлоонун экинчи айлампасын талап кылат.

Былтыр июлдагы келишимдин аркасында эл аралык санкциялар жоюлгандан кийин өткөн алгачкы шайлоодогу реформачылардын ийгилиги жана парламентке кайтып келүүсү Ирандын саясий жана экономикалык изоляциядан чыгуу аракетине оң таасир берет деп күтүлүүдө.

Өткөн жума күнү ирандыктар Эксперттер ассамблеясы деген мамлекеттик институттун мүчөлөрүн да шайлашты. 88 орундан турган Эксперттер ассамблеясы Ирандын тышкы жана ички саясатынын маселелери боюнча эң акыркы сөздү айтуучу Улук лидерин тандоо укугуна ээ.

Эксперттер ассамблеясында Ирандын азыркы президенти Хасан Роухани жана анын реформачыл өнөктөштөрү соңку эсептер боюнча 52 орунду алышты.

Өлкөнүн ички иштер министри Рахмани Фазили бүгүн Тегерандан жарыялагандай, добуш берүүгө каттоодон өткөн 55 миллион шайлоочунун 62% катышты. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG