Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:09

Иран: Роуханиге ыктагандар алдыда


Ирандагы шайлоо, 26-февраль, 2016-жыл.
Ирандагы шайлоо, 26-февраль, 2016-жыл.

Иранда өткөн кош шайлоонун алдын ала жыйынтыгы президент Роухани жана анын ымалалаштары атаандаштарынан оголе озуп кеткенин көрсөттү. Бул шайлоону элдин азыркы бийликтин тышкы саясатына карата позициясы катары да кабылдашууда.

Ирандын ички иштер министри Абдолреза Рахмани Фазлинин кабарлаганына караганда, шайлоого эл активдүү катышты:

- Тегеранда добуш бергендер 50%, ал эми жалпы өлкө боюнча 62 пайызды түздү.

Иранда 55 миллион шайлоочу бар. Мурдараак өлкөнүн улук көсөмү Аятолла Али Хаменеи шайлоочуларды кыраакылыкка чакырып, добушканага элдин көп келиши Иран душмандарын капалантарын айткан.

26-февралда өткөн кош шайлоонун добуштары эсептелип бүтүп калды. Алдын ала жыйынтык боюнча, диниятчылардан турган, өлкөнүн улук көсөмүн тандоочу Эксперттер ассамблеясына байистүүлөр жана реформаторлор көп келди. Алар 88 орундун 50үн алганы кабарланууда. Ассамблеянын мурдагы курамында консерваторлор көп болчу.

Президент Хасан Роухани баштаган байистүүлөр менен анын союздашы, өлкөнүн мурдагы президенти Акбар Хашеми Рафсанжани жетектеген реформаторлор Межлиске да көп добуш алганы кабарланууда. Межлисте 290 орун бар. Анын отузу Тегеранга бөлүнсө, ошонун баарына президентти колдогон адамдар келгени алдын ала маалымдалды.

Шайлоого активдүү байкоо салган тегерандык адвокат Немад Ахмади мына ушул жыйынтыктардан улам парламент курамы түзүлүп калды деген ишенимде:

- Менимче, бул жолу байистүүлөрдөн турган, жоопкерчиликтүү парламент түзүлдү. Кызыгы, экстремисттик маанайдагы консерваторлор парламентке өткөн жок. Ал эми колдоого ээ болуп, өтүп келгендер байистүү турумдагы консерваторлор.

Ал эми Лондондо жашаган эксперт Али Ализода бул курамдагылар бийликчил болорун мындайча белгилейт:

- Азыркы парламент жок эле дегенде алдыңкы 1,5 жылда Роуханинин өкмөтүнө тоскоол болбойт, тескерисинче колдойт. Ошол эле убакта бул парламент улук көсөм Хаменеи менен коопсуздук органдарынын мүдөөсүнө да шайкеш иш алып барат.

Ал эми президенттин союздаштарына каршы тарап, эскичилдер жана катаал турумду кармангандар кайсы аймактан кандайча ийгиликке жетишкени азырынча кабарлана элек.

Эксперттер ассамблеясындагы ордун алдырганы менен, эскичилдер жана катаал турумдагылар борбордон алыс шаар жана кыштактарда ийгиликке жетиши ыктымал.

Мурдатан эле бул саясатчылар аймактардан көп добуш чогултушчу.

Бул шайлоо Иран өзөктүк программа боюнча дүйнөдөгү ири өлкөлөр менен бир тилге келип, эл аралык санкцияларды жойдургандан кийин өтүүдө.

Санкциялар алынгандан кийин өлкөнүн тышкы соодасы кескин жанданып, Иранга дүйнөлүк базарга кең жол ачылды. Шайлоодогу элдин пикири ошол өзөктүк программа боюнча макулдашууга жана Ирандын тышкы саясатына карата пикири катары да кабылданууда.

XS
SM
MD
LG