Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:33

Москвада наристени өлтүргөн аял күнөөсүн моюнуна алды


Москвада төрт жашар кыздын кесилген башын көтөрүп алып көчөдө жүргөн аял кармалып, кылмышын моюнуна алды. “Интерфакс” агенттигинин маалымдаганына караганда, ал учурда психиатриялык экспертизадан өтүүдө.

Кечээ Интернетке тараган видео көргөндөрдүн денесин дүркүрөттү. Анда кара кийинген, башына хижаб салынган аял Москва метросунун “Октябрское поле” станциясынын жанында наристенин кесилген башын көтөрүп ары-бери басып жүргөнү тартылган. Ал “Мен террорчумун, мен өлөм, бирок силер жазаланасыңар” деп жар салып турган.

Москва полициясынан алынган маалыматка караганда, шектүү Өзбекстандын Самарканд облусунун тургуну, 39 жаштагы Гулчехра Бобокулова экени аныкталды.

Ал бала багуучу болуп иштеп жүргөн. Өлгөн кыздын аты Настя, Бобокулова анын ата-энеси жумушка кеткенден кийин өлтүрүп, башын кескени, андан кийин үйгө өрт коюп көчөгө чыкканы айтылууда.

Айрым булактарда ал маңзат же психотроптук дары колдонуш ыктымалдыгын айтылууда. (RK)

XS
SM
MD
LG