Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:59

Майып балдарды мектепке даярдоо программасы ишке ашууда


Кыргызстанда балдарды мектепке даярдоочу “Наристе” программасынын алкагында инклюзивдик билим берүү долбоору ишке ашырылууда. Анын максаты тууралуу бүгүн Бишкекте маалымат жыйын өтөт.

Былтыр 1-сентябрдан тарта Кыргызстандын бардык мектептерине “Наристе” деп аталган программа киргизилди. Ал 480 саатка эсептелген. Чүйдүн Москва району сынак өтчү аймак катары тандалып алынып, андагы билим берүү системасынын 123 адиси, социалдык тармактын 30 кызматкери атайын окутуудан өттү.

Максат – дени сак балдарды мектепке даярдоо менен кошо райондо жашаган үй-бүлөлөрдүн майыптыгы бар балдарын аныктап, алар менен иштөө. Программа Билим берүү жана илим министрлигинин Дүйнөлүк банктын техникалык колдоосу менен жүргүзүлүп жаткан “Мектепке чейинки билим берүү” долбоорунун алкагында ишке ашырылууда.

Ал эми аны жайылтуу, элге маалымат берүү жагынан “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду жардам берүүдө.

Учурда Кыргызстанда 18 жашка чейинкилер арасында 24 миң бала майып. (RK)

XS
SM
MD
LG