Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:43

Мектептерде медициналык кабинеттер ачылат


Билим жана илим министрлиги Кыргызстандын орто мектептеринде балдардын ден соолугуна кам көрүү максатында медициналык кабинеттерди ачууга камданууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин жыйынында министр Элвира Сариева билдирди. Анын айтымында, мындай зарылчылык окуучуларды милдеттүү түрдө медициналык кароодон өткөрүүгө байланыштуу келип чыгууда.

Министрдин билдиргенине караганда, 1-сентябрга чейин республика боюнча 700 мектепке интернет байланышы өткөрүлүп берилет. Облус борборлорунда физика, математика, химия жана биология предметтерин тереңдетип окута турган атайын борборлорду ачуу жагы да каралууда.

Кыргызстанда 2200дөн ашуун мектеп бар, окуучулардын саны 1 миллиондон жогору. (RK)

XS
SM
MD
LG