Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:43

Мыйзамсыз курулушка каршылар бийликке кайрылуу жолдоду


Бишкекте короосунда мыйзамсыз курулуш башталган тургундар өлкө жетекчилигине кайрылуу жолдоду. Алар укугу тебеленип жатканын, курулуш жасалма документтердин негизинде башталганын айтып, маселени акыйкат чечип берүүнү суранууда. Бул тууралуу "Азаттыкка" Ибраимов көчөсүндө жайгашкан №42 турак үйдүн жашоочулары кабарлашты.

Буга чейин алар пикетке чыккан, бирок эч натыйжа болгон эмес.

Аталган кабат үйдүн тургундарынын айтуусунда, мыйзам боюнча короодогу жер тилке аларга таандык, бирок учурда казылып, ал жерге "Алеф" тиш дарылоо клиникасы жаңы имарат салганы жатат.

- Бул бактарды ушул №42 үй курулгандан баштап жашап келген тургундар өз колу менен отургузуп, аз да болсо экологиянын таза турушуна салым кошуп жаткан. Эми минтип, тилеке каршы, бактарыбыз кыйылып, чаң көтөрүлүп, үйүбүздү боз каптай баштады. Төмөнкү кабаттагыларга таптакыр күн тийбей калышы ыктымал болууда, - дейт Зина Төлөнова.

Нааразы тургундардын белгилешинче, "Алефтин" ээси Александр Койфман анын клиникасына жогорку мамлекеттик кызматтагы айрым аткаминерлер келип тишин дарылатып кетип жатканына таянууда.

"Алеф" борбору азырынча окуя боюнча комментарий бере элек. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG