Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:52

Бир суткада 15 өрт кырсыгы катталды


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, өлкө аймагында бир суткада 15 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 17 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылды.

Маалыматка караганда, чөп, саман, камыш күйгөн учурлар көбүрөөк катталган. Бишкектин П. Лумумбa көчөсүндөгү №23565 аскер бөлүгүнө караштуу аймакта 20 чарчы метр камыш, Чүйдүн Ысык-Ата районунда, Садовое айылында 200 түк, Шопоков айылында жыйылган чөп, куураган бак өрттөнгөн.

Ушундай эле учурлар Жалал-Абад, Ош облустарында катталган. Мындан сырткары үйдүн чатыры, буюм-тайымдар күйгөн учур катталды. Булардын бардыгында отко этиятсыз мамиле себеп болгон. Адам өмүрүнө зыян алып келген эмес. (КЕ)

XS
SM
MD
LG