Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:15

Улуттук госпиталь кымбат дары сатып алган


Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев ооруканалар менен төрөт үйлөрү дарыны беш эсе кымбат баада сатып алып жатканын билдирген. 

Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев ооруканалар менен төрөт үйлөрү дарыны беш эсе кымбат баада сатып алып жатканын билдирген. 

Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук госпиталь дары-дармекти кымбат баада сатып алганы аныкталды. Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, аталган мекеме курамында лидокаини бар дарынын бир куюмун 120 сомго сатып алган. Ага жалпысынан 2 миллион 400 миң сом жумшалган. Ошол эле кезде ушундай эле таасир берчү дарыны башка фирма 21,5 сомдон сунуштаган. Мындан сырткары Улуттук госпиталь башка компаниядан 1 амплуасын 2 сомго бааланган 10 миң куту лидокаин сатып алган. Мындан мамлекет бюджетине 1,9 миллион ашуун зыян алып келген. Улуттук госпиталь жетекчилигине “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келген келишим түзүү” беренелерине ылайык кылмыш иши козголду. Учурда иликтөө-тергөө иштери жүрүүдө.

Буга чейин айрым медициналык мекемелерде дарыга жана медициналык аспаптарды сатып алууга бөлүнгөн ири суммадагы акчаны кымырып алуу боюнча коррупциялык схемалар ачыкка чыккан.

Саламаттыкты сактоо министри Таланбек Батыралиев дары-дармектердин маалыматык базасы түзүлөрүн, ал дары каражаттарынын рыногундагы кырдаалды талдап турууга, дарылардын кандайча пайдаланылып жаткандыгын так эсепке алууга жана аларга коюлган бааларды жөнгө салууга мүмкүнчүлүк берерин айткан болчу. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG