Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:39

Бул тууралуу бүгүн Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов маалымат жыйында билдирди. Ал өлкөдө долларды азайтуу аракети көрүлүп, насыялар сом менен бериле баштаганын айтты. Төрага ишкерлик кылууга ниеттенгендер насыяны доллар менен алса болорун кошумчалады. Маалымат жыйында айтылгандай, эсептик чен өлчөм 10% бойдон калып, инфляциянын азыркы деңгээли 1,4% түздү.

-Сом кунун бекемдеди. Азык-түлүк жана күйүүчү май арзандап, инфляциянын төмөндөөсүнө шарт түздү.

Ушул тапта 1 АКШ долларынын баасы сатып алууда 73 сом 88 тыйынга түштү. Өткөн жылдын аягында доллар 79 сомго чыгып кайра төмөндөгөн. Муну Улуттук банк кызыл кулактардын аракети деп баалаган эле.

Кыргызстандын коммерциялык банктары ипотекалык жана керектөө насыяларын 28-февралдан тартып сом менен бере баштады. (КЕ/ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG