Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:07

Тажикстанда Рахмонго арналган лекциялар өтүлүүдө


Эмомали Рахмон
Эмомали Рахмон

Тажик улуттук университетинин кээ бир факультеттеринде февралдан тарта “Эмомали Рахмон – жаңы Тажикстандын негиздөөчүсү” деген темада лекциялар өтүп жатат.

Анда Рахмондун бийликке келгенден тарта өлкөдө тынчтык орнотууда аткарган иш-аракеттери тууралуу сөз козголууда. Ошону менен бирге президент жазган китептердин мазмуну түшүндүрүлүп жатат. Лекциялардын айрымдары “Улут көсөмү” деп аталат.

Улуттук университеттин тарых факультетинин деканы Саймиддин Ражабов студенттерге “Тынчтыктын жана улуттук биримдиктин негиздөөчүсү - улут көсөмү жөнүндөгү” мыйзамга түшүндүрмө берилерин айтат.

Азыр университеттин башкармалыгы аны өзүнчө сабак катары окуу усулуна киргизүү маселесин Билим берүү жана илим министрлиги менен талкуулоодо.

Былтыр Тажикстанда президентке “Улут көсөмү” макамын ыйгаруу жөнүндө мыйзам кабыл алынып, ага декабрда Эмомали Рахмон кол койгон. Анда президентке жана анын жакындарына өзгөчө укуктар берилген.

Эмомали Рахмон коңшу өлкөнү 1992-жылдан бери башкарат.

XS
SM
MD
LG