Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:18

“Сүтак” тасмасы “Ника” сыйлыгына ат салышат


"Сүтак" тасмасы.
"Сүтак" тасмасы.

“Сүтак” көркөм тасмасы Орусиянын “Ника” кино сыйлыгынын “КМШ жана Балтика өлкөлөрүнүн мыкты тасмасы” номинациясы үчүн ат салышат. Бул тууралуу "Айтыш-фильм" киностудиясынан кабарлашты. Сыйлык тапшыруу аземи Москвада 1-апрелде өтөт.

“Сүтак” тасмасында Кыргызстандын элет жериндеги көчмөн үй-бүлөнүн окуясы баяндалган.

Кыргызстандын элет жериндеги көчмөн үй-бүлөнүн окуясы тартылган “Сүтак” буга чейин да бир нече эл аралык кароо-сынактарда байгелүү орундарды багындырган.

Буга чейин кыргызстандык көркөм тасмалардан режиссер Эрнис Абдыжапаровдун “Айыл өкмөтү”, “Боз салкын” тасмалары 2005, 2008-жылдары, режиссер Темир Бирназаровдун “Белгисиз маршрут”,“Кумар” кинотасмалары 2009, 2014-жылдары, режиссер Актан Арым Кубаттын “Свет аке” тасмасы 2011-жылы сыйлыкка сунушталып, бирок, марага жетпей калган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG