Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:01

Пакистанда коопсуздук чаралары күчөтүлдү


Мумтаз Кадринин зыйнатына чогулган эл, Равалпинди, 1-март, 2016-жыл.
Мумтаз Кадринин зыйнатына чогулган эл, Равалпинди, 1-март, 2016-жыл.

Пакистанда губернаторду өлтүргөнү үчүн өлүм жазасына тартылган коопсуздук кызматкеринин сөөгүн жерге берүү зыйнатына байланыштуу коопсуздукту сактоо чаралары күчөтүлдү.

Бийликтин ырасташынча, Пенжаб провинциясынын губернаторун атып өлтүргөн коопсуздук кызматкери Малик Мумтаз Кадринин тарапкерлери башаламандык уюштурбасын деген максатта бүгүн Исламабадда күч кызматкерлери тартип коргоо чараларын күчөтүштү. Парламент, элчиликтер жана өкмөт имараттары жайгашкан көчөлөр тосулду.

Кадри 29-февраль күнү дарга асылгандан бери бир катар шаарларда динчилдер, айрым саясий лидерлер жана аскердик топтор нааразылыкка чыгышкан. Кадринин сөөгү бүгүн Равалпинди аймагында жерге берилет.

Тергөө маалыматтарына ылайык, 2011-жылдын январында Кадри Пенжаб провинциясынын губернатору, элдик ишенимдерге каршы чыгып жүргөн Салман Тасирди атып салган. (SE)

XS
SM
MD
LG