Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:47

БУУнун гуманитардык кербени Сириянын курчоодогу аймактарына жетти


Гуманитардык жардам алып бараткан кербен.
Гуманитардык жардам алып бараткан кербен.

АКШ жана Орусиянын катышуусунда түзүлгөн тынчтык келишими күчүнө кирген соң БУУнун гуманитардык жардамдар жүктөлгөн кербени Сириянын курчоодогу Мадамия шаарына кирди.

“Кызыл жарым ай” уюму билдиргендей, Дамаскинин түштүк-батышында козголоңчулар көзөмөлдөп турган шаарга төшөнчү жана тазалык каражаттары менен 10 жүк машинеси жөнөтүлгөн.

БУУ мүчөлөрү учурдан пайдаланып, жардамды 154 миң кишиге таратууга үмүт артып жатышат.

Уюмдун баш катчысы Пан Ги Мун 27-февралдан тарта Сирияда тынчтык келишими күчүнө кирип, зомбулуктар азайганын билдирген. Ошол эле учурда АКШ коргоо министри Эш Картер эл аралык коалиция “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна каршы күрөштү улантарын айткан. Орусия да келишимдин талаптарын бузбай, БУУ террорчу деп тапкан топторго сокку урууну убада кылууда. (SE)

XS
SM
MD
LG