Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:27

Жон Керри: Сирияда тынчтык келишимин бузууга негиз жок


АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Вашингтондогу маалымат жыйынында, 29-февраль, 2016-жыл.
АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Вашингтондогу маалымат жыйынында, 29-февраль, 2016-жыл.

АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри Сирияда 27-февралда күчүнө кирген тынчтык келишими бузулат, деп тыянак чыгарууга азырынча негиз жок экенин билдирди. Дүйшөмбү күнү Вашингтондо билдирүү жасаган Керри орусиялык кесиптеши Сегей Лавровдун “Ислам мамлекети” террордук тобу менен “Фронт ал Нусра” уюмунун согушкерлерине каршы жасалган соккулар таамай урулушу керек, деген сөзүн колдорун айтты.

Баш кеңсеси Британияда жайгашкан Сириядагы адам укуктары борбору тынчтык келишими мамлекеттин көп бөлүгүндө сакталып жатканын маалымдады. Ошол эле учурда өкмөт күчтөрү Дамаск жана Алеппо шаарларында жанданганы байкалууда.

Сирия оппозициясы президент Башар Асаддын күчтөрү соккуларды улантып жатканын белгилейт. Мурдараак Франция бийлиги да тынчтык келишими орнотулганына карабай, Сирия оппозициясына каршы күрөш токтолбогонун ырастаган.

XS
SM
MD
LG