Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:16

Тез татым азыктарындагы антибиотиктер пайдалуу бактерияларды жок кылат


Тез татым азыктары.

Тез татым азыктары.

Тез татым азыктарындагы антибиотиктер адамдын ичиндеги пайдалуу бактерияларды жок кылып, ашыкча салмакка алып келет. Кошмо штаттарынын профессору Тим Спектор «Диета жомогу» аттуу даректүү тасмада өз уулуна атайын тажрыйба жүргүзүп, 10 күн бою ага МакДональдс сыяктуу тез татым жайларынын азыктарын гана берген.

Алгач уулу абдан сүйүнүп жесе, бара-бара тамакка табити начарлап, кийин текшерилгенде ичеги карынындагы пайдалуу бактериялардын 40 пайызы жок болгону аныкталган. Ушундан улам адистер тез татым азыктарынан айрыкча балдарды оолак тутууга чакырышууда. Ал эми пайдалуу бактерияларды таза абада сейилдөө, мал баккан сарайлардагы табигий жыт жана тамак-аштан алса болорун эскертишет.(BCh)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG