Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:32

Ооган кошуундары талиптер ээлеген аймактан чыгып кетүүдө


Ооганстандын өкмөттүк күчтөрү өлкө түндүгүндө талиптер көзөмөлдөп турган аймактардан чыгып кетүүдө.

1-март күнү Орузгон облустук акимчилигинин басма сөз катчысы Дост Мухаммед Наёб 100гө чукул аскер жана полиция кызматкерлери Шахиди Хассас районундагы көзөмөл-өткөрүү пунктунан кеткенин маалымдады.

Аталган райондо 29-февраль күнү талиптер менен ири салгылашуу болгон.

Ооган кошуундары февралдын башынан бери өлкө түндүгүндөгү бир катар аймактарды талиптерге “берип коюшту”.

Түндүктөгү расмийлер аймакка кошумча аскерлер жөнөтүлүшү зарылдыгын, болбосо кырдаал оорлошуп кетерин эскертишүүдө. (SE)

XS
SM
MD
LG